АЙКӨЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙКӨЛ – кыргыз дүйнө таанымынын маанилүү түшүнүгү; Манастын жеке өзүнө тиешелүү кең пейилдигин билдирген туруктуу эпитет катары арстан, көкжал, кабылан, шер, адилет, кебел­бес ж. б. сыяктуу эпитеттердей эле баатырдын асыл сапатын данистелөө үчүн колдонулат. Бирок А. деген эпитет эч жерде чечмеленген эмес. Байыркы түрк символикасында – күнүмдүк жа­шоодо жана фольклордо – «Ай» эркектин наркы менен байланыштырылган, ошондой эле «Ай» – «Ак» деген сөздүн эквиваленти. «Ак» – чындык маа­нисинде да айтылган жана айтылып келет: «Алтын таягы жылтылдап, Ай кудайы күркүрөйт», «Ак ийилет, бирок сынбайт». Ак Теңир, Кудай дегенди да билдирген. Кененчиликтин, бакыбат­чылыктын символу катары «Ак» деп каймана түрдө «Сүт көлү» деп берилет. Байыртадан эле Айбалта (Акбалта), Айдаркан, Айкаган (айкан) деген энчилүү аттар да коюлган. «Ай» сөздүн маанисин күчөткүч катары да колдонулуп келет. «Көл» байыркы түрк тилинде хандардын, атактуу инсандардын титулдарын билгизген сөздөргө кошулуп айтылчу. Азыркы кыргыз тилинде кең пейил, токтоо, көтөрүмдүү адам «Көл киши», «Көл жигит» деп мүнөздөлөт. Демек, А. алгач эпитет эмес, Манастын эл баштоочулугу, журт коргоочулугуна байланышкан «Айкөл» деген титул болушу ыктымал. С. Асанбеков.