АЗЫК
АЗЫК – кыргыздардын оң канат урууларынын тагай уруулук бирикмесинин курамындагы уруу. Элдик санжыраларда Тагай бийдин бакма баласынан тараган уруу катары баяндалат. Уламыштардын биринде А. уруусунун түпкү теги ж‑дө мындай окуялар айтылат: Тагай бий ак үйлүү болуп, Эреше ханга барганда, анын үй-тиричилигин тейлеп туруш үчүн дайындалган ордо кыздарынын бирин ага убактылуу үйлөндүрөт. Мөөнөтү аяктаган мезгилде, Тагай бий элине кайтар алдында кош бойлуу аялына: «кыз төрөсөң өзүң чоңойтуп, бой жеткенде ыйлабай турган жерге узатып кой, эгер эркек төрөсөң, ал эс тартканда менин тек жайымды түшүндүрүп, белги катары кестигимди (бычак) бер. Эр азамат болсо өзү мени издеп табар», – деп айтып, коштошуп жөнөп кетет. Тагай бий кеткенден кийин аялы эркек төрөп, атын Карачоро коет. Карачоро эр жеткенде атасын издеп жолго чыгат. Ага жолдон селсаяк бир бала кошулат. Ал экөөнө ата‑энесин кандайдыр бир өкүмдар өлтүрүп, андан качып жүргөн дагы бир бала жолугат. Карачоро аны да өзүнө жолдош кылып кошуп алат. Үч бала кыргыздарга келип, Тагай бийди табышат. Ал Карачородон өзү калтырып кеткен кестиги аркылуу өз баласы экендигин тааныган соң, жанындагы эки баланын жөнүн сурайт. Карачоро: бирөө селсаяк бала экен, жолдош кылып алдым, экинчисине азыгымды көтөрттүрүп келдим,- деп жооп берет. Жоопту уккан Тагай бий баламды ээрчип келген балдар экенсиңер, силер да мага уул болуп калдыңар деп, селсаяк баланы Саяк, азык көтөрүп келген балага Азык деп ат коюп, бала кылып алыптыр. Кийин Саяктан саяк уруусу, Азыктан азык уруусу тараган экен. Бул уламыш А. уруусунун аталышынын элдик этимологиялык чечмелениши катары пайда болгондугун изилдөөчүлөр белгилешет. Уламыш кандайдыр бир деңгээлде бул уруунун оң канат урууларынын арасындагы чоочун этностук компонент экендигин көрсөтөт. Бирок кыргыз эли А. уруусу кыргыздардын байыркы урууларынын бири катары эсептеп келишкен. Б. Солтоноев жыйнаган маалыматтарда, А. – байыркы уруу, кыргыздар Алтай‑Каңгайдан келгенде кошо келген уруу, – деп айтылат. Уламыштарга караганда, Тагай бий балдарына энчи бөлүштүрүүдө А‑ка келгенде аны «Нокто атасы» (мааниси Тагай тукумуна кирген кайсыл гана уруу болбосун, олжо бөлүштүрүлгөндө А‑тарга биринчи ж. б‑лардан көбүрөөк бөлгөнгө милдеттүү болгон) кылып дайындайт. Ошондуктан A‑ты «нокто атасы» же «олжо агасы» деп аташып, аны улуу уруу катары таанышкан. Тарыхый булактарда да А. уруусу байыркы уруулардан болгондугун көргөзгөн айрым фактылар кездешет. Изилдөөчүлөр А. уруусунун түпкү тегин о. кылымдарда Түш. Сибирь аймагында жашаган кыргыздардын кошунасы «аз» эли менен байланыштырат. Белгилүү этнограф С. М. Абрамзон аларды батыш түрк урууларынын бири – «асигилер» менен жакындаштырат, о. эле түргөштөрдүн «азийлери» менен да окшоштурат. А. уруусун азыркы теленгуттар менен кыштымдардын курамына кирген алтайлык «төрт‑ас» тобу менен салыштырса болот. Себеби, алтайлык «төрт‑ас» уругу сыяктуу эле кыргыздардын А. уруусу да «төрт тамгалуу А.» деп төрткө бөлүнгөндүгү алардын тарыхый бир мезгилдерге тектеш элементтерден болгондугун далилдейт. Көпчүлүк изилдөөчүлөрдүн пикири б‑ча А. уруусунун түпкү теги о. кылымдардагы «аз» деп аталган этностук топ менен тыгыз байланышта болгон. Этнонимден байыркы түрк тилинде «аз» жана «ок» деген сөздөрдөн «азык» аталып кеткендиги байкалат. А. уруусу негизинен бычман, козугуна, байкүчүк жана бөрү деген төрт урукка бөлүнүп, «төрт тамгалуу А.» деп аталат. Булардын ичинен «бөрү» уругун А‑тын багып алган баласы же анын жээни деп баяндаган санжыралык уламыштар кездешет. А. уруусу негизинен Нарын обл‑нун Кочкор жана Ат‑Башы, Чүй обл‑нун Кемин жана Жайыл р‑ндорунун айрым кыштактарында жайланышкан. Сан жагынан анча көп болбостон, илгертеден эле сарыбагыш уруусу менен бирге, ымалалаш уруу болуп эсептелинип келген.
Р. Жолдошов.