АЗОТ КИСЛОТАСЫ
АЗОТ КИСЛОТАСЫ, HN03 – бир негиздүү күчтүү кислота. Түссүз суюктук, тыгыздыгы 1,5 г/см3, кайноо t 86°С, суу менен жакшы аралашып, азеотроптук аралашманы пайда кылат. Суусуз таза А. к. абада түтөйт. Анын туздары жалпысынан нитраттар, ал эми Na, К,Са, NH4 туздары селитралар деп аталат. Күчтүү окистендиргич. Концент. А. к‑нда металлдардын баары (алтын, платинадан башка) окистенет. Концент. бир көлөм (63% түү) А. к. жана үч көлөм туз к‑тасынын аралашмасы «падыша арагы» деп аталат да, мында алтын жана платина металлдары эрийт. Өнөр жайда аммиакты катализатордун катышуусунда окистендирүү менен алынат: 4NH3+502= =4N0+6H20: 4N02+02+2H20=4HN03. Лабор. шартта концент. күкүрт к‑тасын нитраттарга таасир этүүдөн алынат: NaN03+H2S04=NaHS04+ +HN03. Өнөр жайда А. к. боёкторду, жарыл гыч заттарды, азот жер семирткичтерин жана А. к‑нын туздарын алууда, металлдарды (жез, коргошун, кумуш) эритүүдө, алтын менен күмүштү рудадан ажыратууда колдонулат.