АЗОТ ЖЕР СЕМИРТКИЧИ
АЗОТ ЖЕР СЕМИРТКИЧИ – өсүмдүктү азот менен азыктандыруучу минералдык жана орг. заттар. Өсүмдүктөрдүн түшүмүн жогорулатуучу негизги каражат. Алар орг. жер семирткич (кык, чым көң, компост) жана минерал жер семирткич (азоттуу аммиак, аммоний нитраты, аммоний сульфаты, натрий селитрасы, калий селитрасы, кальций цианамиди, суусуз аммиак, аммиакаттар) болуп бөлүнөт, о. эле азоттуу көк жер семирткич (люпин, сераделла өсүмдүктөрүнүн көк массасы) да бар. Өсүмдүктөр көбүнчө азоттун минералдык кошулмалары - нитраттар жана аммоний туздары менен азыктанат. Амид А. ж. с. мочевина, кальций цианамиди жана мочевинаформальдегид семирткичинен турат. Мындан сырткары мочевина менен аммиак селитрасынын суудагы эритмеси да колдонулууда. Анын артыкчылыгы концент‑сы жогору, арзан өндүрүлөт жана оңой колдонулат. Натрий селитрасы щелочтуу болгондуктан кычкыл топурактуу жерде кант кызылчасына, буудайга, арпа ж. б-ларга чачылат. Калий селитрасы өсүмдүктү азот, калий менен камсыз кылат. Кальций цианамиди топурак кычкылдуулугун азайткандыктан орг. заттарга бай нейтралдуу топуракка чачылса, жакшы натыйжа берет. Анын негизинде комплекстүү жер семирткич даярдоого жана курамына микроэлементтерди кошууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. А. ж. с‑н колдонуу өлчөмү өсүмдүктүн биол. жана топурактын өзгөчөлүгүнө жараша болот.
Н.Д.Дүйшембиев.