АЗОТ
АЗОТ (Nitrogenium), N – элементтердин мезгилдик системасынын V тобунан орун алган хим. элемент. Ат. н. 7, ат. с. 14,0067. Кадимки шартта түссүз, жытсыз жана даамсыз газ. Абадан бир аз жеңил, эрүү t 209,86°С, кайноо 1195,3°С, тыгыздыгы 1,2506 кг/м3.1772‑ж. Д. Резерфорд ачкан. Жаратылышта эркин жана кошулма түрүндө кездешет. Жер кыртышынын 0,04%ин түзөт. Эркин А. абанын 78,16% курамын ээлейт. Жаратылышта чили селитрасы түрүндө таралган. Жаныбар белогунун 1617%ин түзөт. Таза A‑то жаныбарлар жашай албайт. Бирок ал тиричилик үчүн эң керек элемент. Кычкылтекке караганда сууда аз эрийт, күйүүгө жардам бербейт. Көмүртек, суутек жана кычкылтек менен кошулуп, белок заттарын пайда кылат. Жаратылышта эки изотобу 14N (99,635%) жана 15N (0,365 %) бар. Анын молекуласы бири‑бири менен коваленттик үч байланыш аркылуу бириккен 2 атомдон турат. Ошондуктан молекуласы хим. жактан туруктуу, жогорку темп‑рада гана металлдар менен нитриддерди, кычкылтек менен азот окистерин (NO, N02, N20, N2Os, N2Os), суутек менен катализатордун катышуусунда NH3тү пайда кылат. Галогендер менен реакцияга түздөн‑түз кирбейт. А. лабор‑да аммоний нитритин жогорку темп‑рада ысытуудан NH4N02=N2+2H20, өнөр жайда суюк абаны буулантып айдоо жолу менен алынат. Негизинен аммиакты синтездөөдө, азот к‑тасын, жер семирткичтерди, жарылгыч заттарды алууда колдонулат. Эркин А. хим. жана металлургиялык процесстерде инерттүү чөйрө түзүүдө, термометрлердин боштук аралыгын толтуруу жана төмөнкү темп‑pa алууда пайдаланылат.