АЗОБИРИКМЕЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗОБИРИКМЕЛЕР – молекуласында "азо"- ­N=N- тобу ар түрдүү же окшош радикал менен байланышкан орг. бирикмелер. Жалпы форму­ласы: RN=NR’. Эки радикалы тең ароматтык же алифаттык, бири ароматтык, экинчиси али­фаттык же гетероциклдүү болот. Экөө тең ароматтык радикалдардан турган А. кеңири таралган. Алар диазобирикмелерге ароматтык амин же оксибирикмелерди кошуудан, негиздик чөйрөдө нитробирикмелерди металлдар, о. эле биринчилик аминдерди гипохлорит же перманганат менен калыбына келтирүүдөн алынат. Ароматтык А. түстүү, катуу заттар. Алардын түсү изотобунун хромофордук касиетине, радикалдар­дын түрүнө жана орун алмашуу мүнөзүнө, алардын санына байланыштуу. Булар маанилүү азо боёкторду синтездөөдө колдонулат.