АЗИРЕИЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:02, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗИРЕИЛ – диний түшүнүк б‑ча жан алгыч, Кудайдын эң жакын периштелеринин бири. Ал төрт жүзү, төрт миң канаты бар, денеси жердеги адамдардын санына барабар көз жана тилден жаралган, жарыкчылыктын тактысында отур­ган жан катары сүрөттөлөт. Алгач жөн гана негизги периштелердин бири катары саналган. Кудай Адамды жаратууда периштелерди жерден топурак алып келүүгө жиберет. Жер каршылык көрсөтүп, Жебиреил, Микаил жана Исрафил пе­риштелер алып келе албай коюшат. Муну А. ишке ашырып, ал каардуулугу үчүн башкы жан алгыч катары дайындалат. Адамдын бул «жал­ган дүйнөдөн» кете турган мөөнөтү келгенде, Жараткандын жанында өскөн дарактан анын аты жазылган жалбырак түшөт имиш. Андан соң кырк күндүн ичинде адамдын жаны дене­синен ажырап чыгыш керек. Адамдар алгач буга каршылык көрсөтүүсү мүмкүн, ошондук­тан А. көп учурда Кудайга кайрылат деп айты­лат. Миф б‑ча Муса көпкө чейин А. менен карма­шып, каршылык көрсөткөн делет. А. ж‑дө алгачкы маалыматтар библиялык мифология­ларда, иудей булактарында, кийин Куранда ай­тылат.