АЗИМОВ Айзек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
22:38, 28 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗИМОВ Айзек (1920, Петровичи, Смоленск губ., азыркы Смоленск обл. – 6. 4. 1992, Нью­-Йорк) – америкалык жазуучу‑фантаст, биохимик, илимди жайылтуучу. Колумбия университетин бүткөн (1939), Бостон университетинде сабак берген. 500гө жакын чыгармалардын автору. Биринчи романы – «Асмандагы кичинекей таш» (1950). Ага «Тирек» үчилтиги (1966) атак‑даңк алып келген. «Болот үңкүрлөр» романы (1957) илимий-фан­тастикалык детектив жанрынын үлгүсү болгон. Чыгармаларында адам менен машинанын өз ара мамилелеринин моралдык проблемалары ана­лизденет. АКШда табият таануунун, тарыхтын, техниканын проблемалары жөнүндөгү ар түрдүү эн­циклопедиялардын, анын ичинде Библия жана Шекспир боюнча китептердин автору катары белгилүү. Илимий ­фантастикалык жана илимий-популярдуу дээрлик бардык чыгармалары 1960‑жылдын ортосунан орус тилине которулган.