АЗАМАТ АЛТАЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:39, 4 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗАМАТ АЛТАЙ, Кожомбердиев Ку­дайберген (19. 9. 1920, Ысык‑Көл облусу, Тоң району, Корумду айылы – 26. 5. 2006, Нью‑Йорк) – журналист, публицист, коомдук ишмер, «Эркин Европа – Азаттык радиосунун» кыргыз уктуруу кызматынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Түп районундагы Ысык‑Көл зооветтехникум­дан билим алган. Токмоктон комсомолдук курс­ту бүтүрүп келип, комсомолдун Тоң райкомунда бөлүм башчы болуп иштеген. 1940‑жылы Советтик Армияга чакырылып, Литванын Каунас шаарында аскердик курста болгон. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда урушка кирип, Литва аймагында фашисттердин туткунуна түшкөн (1941). Туткун­дан эки жолу качып чыгууга аракет жасаган. 1945‑жылы үчүнчү жолу качып чыгып, француз партизандарына кошулат.

АЗАМАТ АЛТАЙ14.png

Согуш аяктагандан кийин СССРде туткундарга карата алынган катаал чечимдерге байланыштуу эл‑жерге кай­тып келүү мүмкүн болбой, Францияда калып калган. Ал жерде чыгыш таануучу Александр Бенигсен менен таанышып, Орто Азиянын коом­дук‑маданий турмушуна байланыштуу материалдарды топтоп, басма сөз маалыматтарын Батыштын илим чөйрөсүнө киргизүүгө чоң аракет жасаган. 1951‑жылы Герма­нияда «Түрк эли» деген журнал уюшулуп, анын башкы редактору болуп шайланган. 1953‑жылы журналдын ордуна «Азаттык» радиостанция­сы ачылып, анда кабарчы, диктор, директору болуп иштеген. 1975‑жылы 18‑мартта «Азаттыктын» кыргыз тилиндеги алгачкы берүүсүн (1960‑жылы «Азамат Алтай» деген атты алган. «Эркин Европа – Азаттык» радиосунун кыргыз кыз­маты катары эмгектенген) обого алып чыккан. 50‑жылдардын аяк ченинен Нью‑Йоркто­гу (АКШ) Колумбия университетинин илимий китепкана­сынын Чыгыш адабият бөлүмүн жетектеп, түркология жана кыргыз таануу боюнча он миңде­ген нускадагы китеп фондун түзгөн. Ал АКШда жүргөндө да «Азаттык» радиосу менен кызматта­шып турган. 1970‑жылдын аягында Мюнхен­ге келип, 1984–88‑жылдары «Азаттык» радиосунун ди­ректорунун кызматын аткарган. 1995‑жылы 24‑ав­густтан 11‑сентябрга чейин «Манас» эпосунун миң жылдык мааракесине чакырылып, сый конок катары мекенине келип кеткен. 1950‑жыл­дан кыргыз тарыхы, маданияты, адабияты боюнча чогулт­кан бай архивинин бир бөлүгүн 1995‑жылы Жа­лал‑Абад мамлекеттик университетине тартуулаган.