АЗАМАТ АЛТАЙ
АЗАМАТ АЛТАЙ, Кожомбердиев Кудайберген (19. 9. 1920, Ысык‑Көл обл., Тоң р‑ну, Корумду айылы – 26. 5. 2006, Нью‑Йорк) – журналист, публицист, коомдук ишмер, «Эркин Европа – Азаттык радиосунун» кыргыз уктуруу кызматынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Түп районундагы Ысык‑Көл зооветтехникумдан билим алган. Токмоктон комсомолдук курсту бүтүрүп келип, комсомолдун Тоң райкомунда бөлүм башчы болуп иштеген. 1940‑ж. Советтик Армияга чакырылып, Литванын Каунас шаарында аскердик курста болгон. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда урушка кирип, Литва аймагында фашисттердин туткунуна түшкөн (1941). Туткундан эки жолу качып чыгууга аракет жасаган. 1945‑ж. үчүнчү жолу качып чыгып, француз партизандарына кошулат.
Согуш аяктагандан кийин СССРде туткундарга карата алынган катаал чечимдерге байланыштуу эл‑жерге кайтып келүү мүмкүн болбой, Францияда калып калган. Ал жерде чыгыш таануучу Александр Бенигсен менен таанышып, Орто Азиянын коомдук‑маданий турмушуна байланыштуу материалдарды топтоп, басма сөз маалыматтарын Батыштын илим чөйрөсүнө киргизүүгө чоң аракет жасаган. 1951‑ж. Германияда «Түрк эли» деген журнал уюшулуп, анын башкы редактору болуп шайланган. 1953‑ж. журналдын ордуна «Азаттык» радиостанциясы ачылып, анда кабарчы, диктор, директору болуп иштеген. 1975‑ж. 18‑мартта «Азаттыктын» кыргыз тилиндеги алгачкы берүүсүн (1960‑ж. «Азамат Алтай» деген атты алган. «Эркин Европа – Азаттык» радиосунун кыргыз кызматы катары эмгектенген) обого алып чыккан. 50‑жылдардын аяк ченинен Нью‑Йорктогу (АКШ) Колумбия университетинин илимий китепканасынын Чыгыш адабият бөлүмүн жетектеп, түркология жана кыргыз таануу боюнча он миңдеген нускадагы китеп фондун түзгөн. Ал АКШда жүргөндө да «Азаттык» радиосу менен кызматташып турган. 1970‑ж‑дын аягында Мюнхенге келип, 1984–88‑ж. «Азаттык» радиосунун директорунун кызматын аткарган. 1995‑ж. 24‑августтан 11‑сентябрга чейин «Манас» эпосунун миң жылдык мааракесине чакырылып, сый конок катары мекенине келип кеткен. 1950‑жылдан кыргыз тарыхы, маданияты, адабияты боюнча чогулткан бай архивинин бир бөлүгүн 1995‑ж. Жалал‑Абад мамлекеттик университетине тартуулаган.