АЗАДЕГАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:07, 17 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗАДЕГАН – нефтинин дүйнөдөгү ири кенде­ринин бири. Ирандын түштүк-батышында, Хузес­тан провинциясындагы Ахваз шаарына жакын жайгашкан. Перс булуңу нефть‑газ бассейнине кирет. 1999‑ж. ачылган, азырынча (2005) иште­тилбейт. Нефть‑газдуу аймак 520 км2 аянтты ээлейт. Алгачкы геологиялык запасы 3,6 млрд т. Кен антиклиналдык түзүлүштө топтолуп, пайдалуу горизонттор палеоген мезгилинин аягында пайда болгон олигоцен‑миоцендин акиташ текте­ринин арасында жатат. Нефтинин тыгыздыгы 860 кг/м3.