АЖЫКЕ АНГИДРИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:49, 16 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЖЫКЕ АНГИДРИТ КЕНИ Ош облусунун Кара­-Кулжа районунда, Кара‑Кулжа кыштагынан 25 км ара­лыкта, Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталындагы Тар суусунун алабында, деңиз деңгээлинен 2020–2179 м бийиктикте жайгашкан. 1986‑ж. геологиялык чалгындоо иштери аткарылган. Кен аймагын бор, палеоген‑неоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Кендүү кат­мар бор мезгилинде пайда болгон акиташ тек­теринин арасында жайгашкан. Ангидрит кат­марынын узундугу 1,5 км, калыңдыгы 10 м. Таштын өңү күрөң, ачык боз, көгүш боз. Кенден блок алуу мүмкүнчүлүгү 50%ке жетет. 1 м3 блоктон 14–20 такта алынат. Ангидрит имараттын ички дубалын каптап кооздоого жана кооз буюмдар­ды жасоого жарамдуу. Запасы C1+C1 катего­риясы боюнча 1857,4 миң м3.