АЖИБЕКОВА Клара

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:59, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (4), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЖИБЕКОВА Клара (19.12.1946‑ж. т., Нарын ш.) – философ, философия илимд. доктору (1991), проф. (1993). КММИни бүтүргөн (1970). 1970–83‑ж. КМУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1983–95‑ж. Кырг‑н КП БКнын лектору, Саясий агартуу үйүнүн башчысы, Кырг‑н КП БКда бөлүм башчынын орун баса­ры, Политология жана социалдык башкаруу ин‑тунун ректору, Кырг‑н Респ‑нын Министрлер Кабинетинин Башкаруу ин‑тунда, Орус тили жана ад‑т пед. ин‑тунда, БГУда кафедра башчысы, 1992‑жылдан Кырг‑н КП БКнын 1‑секрета­ры болуп иштеген, 1993‑жылдан КРСУда психология жана философия кафедрасынын профессору. Анын эмгектери коомдук турмуштун оор­чулук учурунда жаштардын диний жана атеист­тик түшүнүктөрдүн механизмин изилдөөгө, ил.-тех. рев‑я шартында адамдын рухий эколо­гиясынын бузулуп баратышынын филос. масе­лелерин иликтөөгө арналган. 120 ил. эмгектин (анын ичинде 7 монография, 3 окуу куралы – авторлош) автору.

Эмг.: Молодёжь и проблемы психологии, религии и атеизма в условиях современной НТР. Ф., 1989.