АЛА-АРЧА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:55, 23 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛА-АРЧА ‒ Аламүдүн р-нундагы суу, Чүй д-нын сол куймасы. Уз. 78 км, алабынын аянты 270 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталындагы мөӊгүлөрдөн башталат. Жогорку агымы кууш капчыгай аркылуу агат да, Кашка-Суу кошулган жерден Байтик өрөөнүнө чыгат. А.-А. суусу Чоӊ-Арык кыш-нан кийин Бишкек ш-н аралай түн. тарапка агат. Ири куймалары: Ак-Сай, Теке-Төр, Топ-Карагай, Туюк-Суу, Жинди-Суу, Адыгине, Кашка-Суу ж. б. Алабында 5 көл, жалпы аянты 53,6 км2 келген 33 мөӊгү бар. Майда кирип, сентябрдын аягында тартылат. Жылдык орт. чыгымы 4,17 м3/сек, байкалган эӊ көп чыгымы ‒ 50 м3/сек, эӊ азы ‒ 0,81 м3/сек. Төмөнкү агымында А.-А. суу сактагычы курулган. Сугатка пайдалангандыктан Чүй д-на жетпейт. Боюнда Кашка-Суу, Таш-Дөбө, Байтик, Чоӊ-Арык, Орто-Сай, Маевка кыш. жайгашкан. Алабында Ала-Арча улуттук табият паркы жайгашкан.