АККА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:13, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АККА (Акра) – Израилдеги шаар. Жер Ортолук деңиздин жээгинде, Хайфа ш-нан түндүктө жайгашкан. Калкы 45,5 миң (2005). Байыртадан белгилүү. Б. з. ч. 15-к-дагы булактарда эскерилет. Шаар б. з. ч. 8–4-к-да Тиругага таандык болсо б. з. ч. 3-к-да Птоломейге баш ийип, Птолемаида аталган. Б. з. ч. 2-к-да 1-к-дын башталышында селевкилердин бийлигинин астында болгон. Б. з. ч. 63-ж. Рим мамлекетинин курамына (Клавдия Феликс ээлиги) кирген. 638-ж. араб аскерлеринин көзөмөлүнө өткөн. 1107–87- жана 1191–1291-ж. крестүүлөрдүн маанилүү таянычы (Сен-Жак-д Арк). 1516–1918-ж. Осмон империясынын курамында, 1799-ж. англ. флоттун колдоосу менен Наполеон Бонапарттын армиясына туруштук берген. Эски шаар калың дубалдары менен (учурдагы көрүнүшү 18-к.) курчалган. Төрт мунарасы бар. А-нын борб. бөлүгүндө кумпалуу Ахмаед-паша аль-Жезара мечити минареттери менен (1781) жайгашкан. Ионит-рыцарларынын жер астындагы тургун жайларынын урандылары (1191–1291) 1955–66-ж-дагы казуудан табылган. Аль-Пашанын хамамы мончонун имаратынын ичинен, муниципиалдык музей (археол. коллекциялары менен) балыкчылар гаванынын аймагында 3 кербен-сарай (хана); аль-Фаранж (1660-ж. чен), аль-Умдан жана аш-Шуна, францикан кечилканасы, аль-Муалек жана Синан-Паша мечити сакталган. Эски шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Металл иштетүү, карапа жана пластмасса өндүрүш ишканалары иштейт. Туризм өнүккөн.