АКИТАШ ТЕГИ
Jump to navigation
Jump to search
АКИТАШ ТЕГИ негизинен кальцит (кээде арагонит) минералынан (Са С03) турган чөкмө тоо тек. Курамында кальциттен башка доломит, чопо, кварц, лимонит, глауконит, орг. заттар ж. б. кездешет. А. т. бардык геол. мезгилдердин чөкмө тоо тек катмарларынан жолуктурууга болот. Курулуш ишинде, цемент даярдоодо, металлургияда (флюс катары), агрономияда (кычкылданып кеткен кыртышты нейтралдоодо) жана эл чарбасынын башка тармактарында пайдаланылат. А. т. метаморфизм процессине дуушар болсо – мраморго, бышырылса – акиташка айланат.