АКИТАШ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:40, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКИТАШ– акиташ, карбонат тоо тектерин бышыруудан алынган ак түстөгү зат. Тыгызды­гы 3,4 г/см3. А‑тын суудагы эритмеси акиташ суусу деп аталат. Ал жегичтик касиетке ээ. Аба жана гидравликалык А. болуп айырмаланат. Аба А‑ы табигый кальций‑магний карбонат текте­рин шахта, айланып туруучу мештерде 1000­-1200°Сде бышыруудан алынат. Негизинен СаО жана MgOдон турат. Курулуш ишинде, хим. өнөр жай, металлургияда, кант, тери иштетүүдө, а. ч‑нда, сууну тазалоодо ж. б. кеңири колдону­лат. Гидравликалык А. карбонат тектерин күйгүзүүдөн (900‑1100°С) алынат. Курамы СаО, MgO, алюминат жана кальций ферратынан ту­рат. Гидравликалык А. аба А‑ына караганда тех. касиети б‑ча табияттын ар кандай татаал шарттарына чыдамдуу.