АДЫГЭЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:58, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДЫГЭЛЕР – эл, Адыгэ Республикасынын жерг. калкы. Россиянын Краснодар крайында, о. эле Түркия ж‑a Ж. Чыгыш өлкөлөрүндө да жаша­шат. Жалпы саны 128,5 миң адам, анын 109,7 миңи Адыгэде, 13,8 миңи Краснодар крайында, 0,6 миңи Москвада, 0,6 миңи Кабардино‑Балкарияда (2010). Адыгэ тилинде сүйлөшөт. А‑дин этностук негизин абадзех, бесленей, бжедуг, жаней, егерухай, мамхег, махошей, натухай, темиргой, хатукай, шапсуг, хакучтар түзөт. Дини мусулман‑суннит. Скиф, сармат ж‑a алан урууларынын аралашканына карабастан А. түн.-батыш Кавказдын байыркы калкы бойдон кала берип, 13–14‑к‑да алардын бир бөлүгү (кабардиндер) Терек д‑сынын алабына барып жайгашкан, ал эми Кара деңиздин жээгинде, Кубанда калгандары (черкестер деген ат менен белгилүү) азыркы А‑дин калыптанышына алып келген. Алар негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык жана багбанчылык менен кесип кылышат. Эркектери бешмант, черкеска, шаровар, бурка, башлык, папах кийишип, белдерине кур курчанышкан, аялдары шаровар, узун көйнөк кийишкен. Тамак‑ашы негизинен эт, сүт, дан азыктары. Ш. Керимова