АДРОНДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:57, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДРОНДОР (гр. h a d г о s – чоң, күчтүү) – ядро­лук өз ара аракеттенишүүгө катышуучу эле­ментардык бөлукчөлөрдун тобу. Бул термин 1967‑ж. Л. Б. Окун тарабынан киргизилген. А‑го бардык бариондор (нуклондор – протон, нейтрон) жана мезондор кирет. Эркин абалда бардык А. (протондон башкасы) туруксуз, жашоо убактысы өтө кыска.