АДОРНО
АДОРНО Теодор (11. 9. 1903, Франкфурт‑на‑Майне, Герман империясы – 6. 8. 1969, Висп, Швейцария) – немец философу, социологу ж‑a композитор. Франкфурт мектебинин көрүнүктүү өкүлдөрүнөн. Модернизм эстетикасына чоң салым кошкон. Монополисттик башкаруудан улам келип чыккан массалык мад‑т индустриясынын пайда болушун, мамилелердин стандартталышын сынга алган. Ал алгачкы эмгектеринде экспрессионисттик драма, музыканын «ландшафты», анын дүйнө таануудагы күчү, рационалдуулугу ж‑дө маанилүү ойлорду айткан. 20‑к‑дын 20‑ж‑нан баштап Франкфурт багытына ооп, коом ж‑дөгү бардык теорияны сынга алат, бирок марксизмге жактыруу менен мамиле кылган. Айрыкча андагы товардык фетишизм (сыйынуу, табынуу) концепциясына маани берет. «Агартуу диалектикасы» (1947) аттуу эмгегинде Батыш Европанын агартуучулугу, мад‑ты, музыкасы – «жолу болбогон цивилизация» тарыхы деп ырастайт.
Т. Эсенгелдиев.