АВТОГЕНЕЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(авто ж-а генез) ‒ орг. дүйнөнүн өнүгүү процессинде чөйрө фактору эч мааниге ээ болбостон, өзүндөгү ички мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде жүрөт деп түшүндүргөн эвол. окуунун концепциясы. Ж. Б. Ламарктын градация, Г. Осборндун аристогенез, Э. Коптун батмоге нез, Л. С. Бергдин номогенез, П. Тейяр де Шардендин руханий энергия ж. б. ж-дөгү окуулары А-дик мүнөзгө ээ. Бул агымдын өкүлдөрү бул көрүнүштү эвол. паралеллизм ж-а конвергенция кубулуштары м-н түшүндүрөт.