АДМИНИСТРАЦИЯ
Jump to navigation
Jump to search
АДМИНИСТРАЦИЯ (лат. Administratio – башкаруу, жетекчилик) – ишканалардын, мекемелердин же уюмдардын, б. а. мамл. органдардын же коомдук уюмдардын башында туруп, күндөлүк башкаруу ишин алып баруучу жетекчилер. А.: 1) кеңири маанисинде – мамлекеттин иштерин жүзөгө ашыруучу органдардын, аткаруу бийлигинин жогорку жетекчилик органдарынын жыйындысы; 2) кызмат ордундагы адамдар, кандайдыр бир мекеменин, ишкананын жетектөөчү персоналдары; 3) бир катар президенттик респ‑ларда мамлекет башчысынын алдындагы министрлер кабинетинин аталышы. КРде мамл. масштабда жана обл., райондук дең гээлде аткаруу иштерин жүзөгө ашыруучу мамл. бийлик органдары. Алардын милдеттери, укуктары респ. мыйзам актылары менен аныкталат.
К. А. Тостокова.