АДИПИН КИСЛОТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:55, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДИПИН КИСЛОТАСЫ НООС(СН2)4‑СООН –эки негиздүү орг. к‑та. Түссүз кристалл, мол. м. 146,14, балкып эрүү 1149‑150°С, кайноо t 216 – 265°С, жеңил бууланат. 100 г сууда эрийт, этил спиртинде жана эфирде аз өлчөмдө эрийт. Ал циклогексанолду азот к‑тасы же катализатор катары марганец туздарынын катышуусунда абадагы кычкылтек менен окистендирүүдөн алынат. Нейлон буласын алууда, полиуретандарды синтездөөдө, алкоголсуз ичимдиктерди даярдоодо кычкыл даам берүүчү кошулма катары колдонулат.