АДЖАНТА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:07, 20 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДЖАНТА – Бат. Индияда Вахор д‑нын өрөө­нүндөгү аскага чегилип жасалган будда монас­тырынын үңкүр комплекси. Анда чайттардан (храм) жана вихарлардан (келье) турган 30га жакын жайлар курулган. А‑дагы эстеликтер негизинен б. з. 4–5‑к‑на, ал эми 5 залы (ошол мезгилдеги дубалга тартылган сүрөттөрдүн бир бөлүгү сактал калган) б. з. ч. 2–1‑к‑га таандык.

Үңкүрдөгү сүрөттөн фрагмент, Ансара («асман кызы»), 5–7‑к.

А. үңкүрү айбанаттар жана өсүмдүктөрдүн сүрөттөрү, о. эле буддалык уламыштардан алынган мотивдер менен кооздолуп, скульптура менен архитектуранын бирдиктүү айкалышынан турат. А‑дагы кайталангыс оймо‑чиймелер, турмуштук байкоолорго, өткүр фантазияга жана композициялык көркөмдүккө бай кооздугу Индиянын ошол кездеги көп жактуу турмушун чагылдырат.