АДЕНОИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:55, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (5), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДЕНОИДДЕР (гр. aden – без, eidos – түрү) – мурун‑кулкун безинин өтө чоңоюп кетиши. Не­гизинен жаш балдар жабыркайт, о. эле жыныс­тык жетилүү мезгилинен кийин да пайда бо­лушу мүмкүн. А‑ге жугуштуу оорулар (кызамык, көк жөтөл, кептөөр, скарлатина, грипп ж. б.) жана жогорку дем алуу жолунун катуу карма­ган жана өнөкөт сезгенүүлөрү себеп болот. Алгач­кы белгилери: мурун менен дем алуу начарлайт, мурундан суюктук көп чыгып, кулкунга агат. Мындай бала демейде коңурук тартып, оозун ачып, тынчы жок уктайт. Эмчектеги бала эм­чек эме албай, курсагы тойбой, ыйлаак, алсыз, оорукчан болот. Кээде, айрыкча мурун бүтүп калган учурда баланын кулагы начар угуп, сабы­ры суз болуп, акыл‑эси начарлайт. Кичине ке­зинде А. менен жабыркаган бала көпкө чейин сүйлөй албайт. Оору күчөгөндө бала оозу менен дем алгандыктан, дайыма оозу ачылып турат, астыңкы жаагы ылдый түшүп, тиштери туура эмес жайгашып, беттин кебетеси өзгөрөт. Дары­лоо канчалык эрте башталса, ошончолук на­тыйжалуу. Көп учурда хирург. жол менен дары­ланат. А‑ди алдын алуу үчүн дем алуу жолунун ооруларын өз убагында дарылап, мурун менен дем алуу кыйындаса баланы врач отоларингологго көрсөтүү керек.