АК-СУУ РАЙОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:25, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (11), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-СУУ РАЙОНУ Ысык-Көл обл-нда. 1973-ж. Түп р-нан бөлүнгөн. Түндүгүнөн Түп р-ну, чыгышынан Казакстан, батышынан Жети-Өгүз р-ну, түш.-чыгышынан Кытай Эл Респ-сы менен чектешет. Аянты 10,1 миӊ км2. Калкы 63,7 миӊ (2009). Райондо 14 айыл аймагы, 1 шаар (Каракол ш), 41 кыштак бар. Райондун борбору ‒ Каракол ш.

Жеринин бети тоолуу; Кан-Теӊир тоо тоомунун (Жеӊиш чокусу, бийикт. 7439 м) батыш бөлүгүн, Сары-Жаз суусунун алабын, Тескей Ала-Тоонун чыгыш бөлүгүн, Тасма дөӊсөөсүнүн чыгыш капталын (бийикт. 1800‒2400 м) жана Жыргалаӊ өрөөнүн ээлейт. Кен байлыктарынан көмүр, коргошун, калай, кайнатма туз, курулуш материалдары бар. Минералдуу ысык сууларга (Алтын-Арашан, Ак-Суу, Жыргалаӊ) бай. Климаты мелүүн континенттик (Ак-Суу сырттарында кескин континенттик). Июлдун орт. темп-расы 14‒17°С, январдыкы ‒5°Сден ‒7°Сге чейин (сырттарында июлдуку 10,8°С, январдыкы ‒19,6°Сге чейин). Жылдык жаан-чачыны 450‒700 мм, сырттарында 250 мм. Кан-Теӊир тоо тоому мөӊгүлүү, ирилери ‒ Түн. жана Түш. Эӊилчек, Кайыӊды ж. б. Ири суулары: Сары-Жаз, Жыргалаӊ, Түргөн Ак-Суу, Каракол ж. б. Тоолорунда көл (Мерцбахер ж. б.) көп. Кыртышы 2400 м бийиктикке чейин ачык жана кара коӊур топурактуу, андан жогору тоонун талаа кара топурагы таралган. Тоо этектери күрөӊ топурактуу. 2000‒3000 м бийиктикте карагай токою жана бадал өсөт; субальп шалбаасы чабынды жана жайыт катары пайдаланылат. Деӊиз деӊг. 2500‒3000 м жогору альп шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. 3500‒4000 м бийиктикте түбөлүк кар жана мөӊгү алкактары жатат. Райондун аймагында Ак-Суу мамл. аӊчылык заказниги уюштурулган (аянты 32,4 миӊ га). 
Калкы көп улуттуу; негизинен кыргыз (88,5%), о. эле орус,сарт калмак, украин, өзбек, уйгур, казак, дуӊган ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калк райондун түн. түзөӊ бөлүгүндө жышыраак отурукташкан. Калктын жыштыгы: 1 км2 жерге орто эсеп менен 6 киши туура келет. Көбү айыл-кыштактарда жашайт. Аймагында Каракол ш., ж. б. калктуу пункттар жайгашкан.
Чарбасынын негизин а. ч. түзөт. Райондо а. ч-га жарактуу 352,8 миӊ га жердин 47,3 миӊ гасын айдоо (анын 35,1 миӊ гасы сугат жер), 709 гасын бак-дарактар, 302,6 миӊ гасын жайыт, 2,3 миӊ гасын чабынды ээлейт. Негизинен картөшкө жана буудай өстүрүлөт. Малдын санынын азайышына байланыштуу көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген айдоо жерлердин аянттары кыскартылып, алардын ордуна башка а. ч. эгиндери өстүрүлүүдө. Уй, кой-эчки, миӊдей чочко, жылкы асыралат. Үй кушу багылат. Райондун өнөр жай тармагында жерг. маанидеги Жыргалаӊ шахтасы, Каракол механикалаштырылган токой чарбасы жана турмуш-тиричилик жактан тейлөөчү ишканалар иштейт. Сары-Жаз д-нын алабында калай, вольфрам, коргошун түстүү металл кендери бар. Райондо чакан менчик ишканалары өнүгүүдө. «Кумтөр Оперейтинг компани» менен Эӊилчек кичи менчик өндүрүштүк ишканасы биргелешип алтын менен вольфрам концентратын өндүрүүдө. Биргелешкен ишкананын дүӊ жыйымы райондун өнөр жайынын 22,5%ин түзөт. Райондо кайра иштеп чыгуучу жана тамак-аш өнөр жай тармактары өнүгүп, ал негизинен ички рынокко багытталган. Райондо тери иштетүүчү эки ишкана, май сыгычуу чакан цехтер, тегирмен, нан з-ддору иштейт. Автомобиль транспорту өнүккөн, автомобиль жолдорунун басымдуу бөлүгүнө асфальт төшөлгөн. Каракол ш-нан аба жана суу жолдору да кетет. Шаардын четинде аэропорт бар.Райондун аймагы аркылуу өткөн Каракол ‒ Түп ‒ Кеген (Казакстан) автомобиль жолу реконструкияланууда.
Жалпы билим берүүчү 34 мектеп, анын ичинде 2 толук эмес орто, 2 башталгыч мектеп бар. 27 мектепте окуу кыргыз, 7 мектепте кыргыз жана орус тилдеринде жерг