АК-СУУ - Аксы районундагы кыштак.

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК-СУУ ‒ Жалал-Абад обл-нун Аксы р-ндагы кыштак, Ак-Суу айыл аймагынын борбору. Бозбу-Тоонун түш. этегинде, деӊиз деӊг. 1040 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен ш-нан 75 км түш.-чыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 35 км. 1930-ж. отурукташкан. Калкы 2645 (2009). Негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, оорукана, дарыкана, клуб, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Кыргыз эл акыны Т. Үмөталиев, Соц. Эмг. Баатыры Э. Андабеков туулган.