АСТЕНИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (гр. actheneia ‒ дармансыздык, күчтөн таюу) ‒ нерв-психикалык жабыркоо. Мында оорулуу бат чарчайт, ишке жөндөмү төмөндөйт, өтө жарыкты, ызы-чууну сүйбөйт. Ага нерв системасынын чарчоосу, психикалык жабыркоо,

чала уктоо, санаркоо, күйүт тартуу, мээ чайкалуу, иштен чарчоо, аракечтик, маалы м-н тамактанбай, эс албай жүрүү ж. б. себеп болот. Бейтап өзүнчө, элден обочо болууну каалайт. Уйкусу жакшы болбой, коркунучтуу түш көрөт. Тамакка табити тартпай, ичи катат же өтөт; кара тер басып, жүрөгү тез кагат. Оорунун башталышында эмгек м-н эс алууну туура айкалыштыруу, витаминдүү тамак ичүү, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо, үйдө ж-а иште ыӊгайлуу шарт түзүү керек. Гипноз, психотерапия, ийне сайып дарылоо ж-а сеп алдыруучу дарылар м-н дарылайт.