АК-СУУ-АРАШАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:25, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-СУУ-АРАШАН ‒ Ысык-Көл обл-нун Ак-Суу р-нундагы өсүмдүктөргө бай, карагай-бадалдуу, ысык булак чыккан кооз жер. Тескей Ала-Тоонун түн. капталында, Алтын-Арашан суусунун ортонку жана Алмалынын (Ак-Суунун куймалары) төмөнкү агымынан орун алган. Каракол ш-нан 15‒20 км түш.-чыгыш тарапта. Басымдуу бийикт. 2500‒2800 м, эӊ бийик жери 3500 м. Аянты 30‒35 км2. Меридиан багытында созулган субсеквенттик типтеги өрөөн; таманы түзөӊ, тоо капталдары тик (30‒40°), төмөн жагында (түндүгүндө) кууш капчыгай бар. Жайы серүүн (июлдун орт. темп-расы 12‒15°С), кышы жылуу (январдыкы ‒5...‒10°С). Жылдык жаан-чачыны 500‒700 мм. Малга жайлуу. Алмалы айрыгында Ак-Суу санаторийи жайгашкан.