АК-СУУ-I КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:25, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-СУУ-КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Ак-Суу р-нунда, Каракол ш-нан 4 км түн.-чыгышта, деӊиз деӊг. 1992‒2010 м бийиктикте. 1984-ж. геол. чалгындоо иштери аткарылган. Кен аймагы плиоцен ‒ төмөнкү төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон кум-чопо жана карбонат-чопо толтургучу бар койташ‒шагыл-кум материалынан түзүлгөн. Кум-шагылдын калыӊдыгы 36 мден ашык (250 мге жакын). Гранулометриялык курамы: 500‒70 мм ‒ 29%, 70‒5 мм ‒ 42%, 5 ммден майдасы ‒ 29%. Кум-шагыл «300» маркадагы бетон жана асфальт-бетон даярдоого жарактуу. Запасы В категориясы б-ча 142 миӊ м3, С1‒310 миӊ м3, В+С1‒ 452 миӊ м3. 1997-жылга карата баланстагы запасы В ‒ 110 миӊ м3. С1‒ 310 миӊ м3, В+С1 ‒ 420 миӊ м3.