АК-БУУРА-ТУРУК КАПЧЫГАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:21, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-БУУРА-ТУРУК КАПЧЫГАЙЫ – Алай кырка тоосунун түн. капталындагы шаңшаар (каньон) сымал кууш капчыгай. Ак‑Буура (Ту­рук) суусунун багыты б‑ча түштүктөн түндүккө (Кызыл‑Чарба жана Алчалы кыш‑нын аралыгын­да) 40–45 кмге созулат. Таманынын жазы жери 2–2,5 км, кууш жери 500–700 м, деңиз деңг. орт. бийикт. 1900–2000 м. Капчыгай палеозойдун кумдук, акиташ теги, сланец жана гранит, гра­нит‑диорит интрузия тоо тектерин суу жеп кетүүдөн пайда болгон. Капчыгай аркылуу Чал­-Куйрук өрөөнү тарапка автомобиль жолу өтөт. Таманында бадалдуу токой өсөт.