АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ – адамды тегерете курчап турган жашоо‑тиричилик жана өндүрүштүк иш шарты. Адатта ага табигый чөйрөсү жана адам өзү жараткан материалдык чөйрө (куру­луштар, өнөр жай ишканалары, суу сактагыч­тар, каналдар, жолдор ж. б.) кирет. А.-ч.табигый чөйрөгө караганда кеңирирээк маа­ниде. Табигый чөйрөсү коргоого көбүрөөк муктаж болот. Анткени, адамзат жараткан чөйрөнүн объектилеринен табигый чөйрө жа­быркап, алардын байланыштары үзүлүп, табигый тең салмактуулук бузулат. Демек, коомдук өндүрүштүн өнүгүшүнө жана адамзаттын дээрлик геогр. кабыкты камтып иш чөйрөсүнүн кеңейи­шине жараша табиятты коргоо б‑ча комплекстүү иш‑чаралардын зарылдыгы келип чыгат.