АЙБУНАР
Jump to navigation
Jump to search
АЙБУНАР – б. з. ч. 5-к-га таандык полиметалл кени чыккан жер. Болгариянын түштүгүндө Стара-Загора ш-нан 8 км аралыкта жайгашкан. Байыркы дүйнөгө таандык коло кени. Кенди Түш. жана Чыгыш Болгариянын, Түш.-чыгыш Румыниянын, Молдованын жана Батыш Украинанын калкы колдонуп келген. Советтик окумуштуулары тарабынан 1971–74-ж. изилденип ачылган. Негизинен кенден коло казылып алынат. Жердин бетине 1,5 кмден кийин чыгат. Кенде он бир ачык карьер иштетилет. Уз. 110 м (жалпы уз. 500 мге чейин), туурасы 0,5–10 м (жалпы уз. 500 мге чейин), туурасы 0,5–10 м, тереңд. 20–30 м. Көлөмү 20–30 миң т, болжол менен 700–1000 т коло эритилет. Негизги иш аяктаган соң мурунку кенчилер (диний көз карашта) кендин ордун калдыктар менен толтурушкан.