АЙ-КӨЛ көлү
Jump to navigation
Jump to search
АЙ-КӨЛ – Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы Ак‑Суу суусунун төрүндө жайгашкан тоо көлү. Лейлек р‑нун аймагында. Уз. 2,2 км, туурасы 0,4 км. Аянты 1,0 км2, суусунун көлөмү 57 млн м3. Деңиз деңг. 2938 м бийиктикте жайгашкан. Бөгөт көлдөрдүн тибине кирет. Бөгөттүн уз. 1,5 км. Too этектери көлгө тик түшөт. Көлдөн Ак‑Суу суусу башталат.