АЗОР АНТИЦИКЛОНУ
Jump to navigation
Jump to search
АЗОР АНТИЦИКЛОНУ – Атлантика океанынын түн. бөлүгүндөгү субтропик жана тропик алкактарында пайда болгон атм‑лык жогорку басымдуу аймак. Жыл бою аракетте болот; айрыкча жайында даана байкалат. А. а. Евразиянын, айрыкча Түш. Европанын жана Түн. Африканын климатына өзгөчө таасир этет (жайында Жер Ортолук деңизин, кышында Сахара чөлүн көздөй багытталат).