АЗОНАЛУУЛУК
Jump to navigation
Jump to search
АЗОНАЛУУЛУК (а... ж‑a гр. zone – алкак, зона) белгилүү бир аймакта зоналуулук закон ченеминен тышкары өзгөчө бир табигый кубулуштун таралышы. Адатта А. рельефтин геол. түзүлүшүнө, тектон. режимине, морфоструктурасына ж. б. эндогендик факторлоруна байланыштуу. А. климаттын, суу режиминин, кыртыштын жана орг. дүйнөсүнүн өзгөчөлүгү менен айырмаланат. А. тоолордо даана байкалат.