АДЫР термин
16:58, 16 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) (Begay moved page АДЫР 1 to АДЫР термин) тарабынан жасалган версия
АДЫР – Кыргызстанда ж‑a чектеш өлкөлөрдө тоо этектерин ээлеген дөңсөөлөр. Ага тоо этектеринде же аларга жакын аймактарда таралган дөңсөөлүү, капталдары кокту‑колоттуу, жанаша жаткан түздүктөрдөн 100‑400 м көтөрүңкү, үстүнкү бети лёсс же төртүнчүлүк мезгилдин талкаланган борпоң тектеринен түзүлгөн аймактар кирет. А‑ларга негизинен чөл, жарым чөл жана талаа ландшафттары мүнөздүү. Жазында эфемер өсүмдүктөрү гүлдөп, көк шиберге айланса, жайында алар «күйүп» кетип, боз талаага, чөлгө айланат. А‑лар Кыргызстандын аймагында, айрыкча Фергана өрөөнүнүн тоо этектерине жана Ички Теңир‑Тоонун өрөөндөрүндө кеңири таралган. Ага байланыштуу энчилүү аттар да арбын: Адыр-Төр, Отуз‑Адыр, Доңуз‑Адыр ж. б.