АДМИРАЛТЕЙСТВО АРАЛДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:57, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДМИРАЛТЕЙСТВО АРАЛДАРЫ – Тынч океандагы аралдар тобу. Жанар тоодон ж‑a шуру (коралл) аралдарынан турат; Бисмарк архипелагында. Арал Папуа‑Жаңы Гвинея мамлекети­нин аймагы. Аянты 2072 км2, эң чоң аралы ­Манус (1600 км2). Калкы 40 миңдей. Бийикт. 718 мге чейин (Манус а‑нда). Айрым аралдары токой менен капталган. Кокос, пальма плантация­сы бар. Балык кармалат. Башкы шаары – Ло­ренгау. Аралда европалыктардан алгачкы жолу 1527–29‑ж. испан деңиз саякатчысы А. Сааведра болгон.