АГРОФИТОЦЕНОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:49, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (7)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГРОФИТОЦЕНОЗ (агро..., гр. phyton ‒ өсүмдүк, koinos ‒ жалпы) ‒ а. ч. (маданий) өсүмдүктөрүнүн ээлеген аймактарда (айдоо талаасында, огороддо, жемиш-мөмө багында ж. б.) бирге өскөн түрлөрүнүн тобу. Алар азык-түлүк, тоют жана кайра иштетүүчү өнөр жай үчүн чийки зат болуп эсептелет. А-ду аймактар б-ча жайгаштырууда топурак-климаттык шарттар, өзгөчө аба темп-расы, вегетация мезгилинин узактыгы чоӊ роль ойнойт жана рынок мыйзамына ылайык өзгөрүүлөр болуп турат. Кыргызстандын А-ун дан өсүмдүктөрү (буудай, арпа, сулу, жүгөрү), акшак жана белоктуу дан өсүмдүктөрү (таруу, кара күрүч, буурчак, соя, фасоль ж. б.), тех. өсүмдүктөр (пахта, тамеки, кант кызылчасы), май өсүмдүктөрү (сафлор, күнкарама, рапс, жүгөрү), жашылчалар (томат, бадыраӊ, калемпир, сабиз, пияз ж. б.), тоют өсүмдүктөрү (беде, эспарцет, силостук жүгөрү ж. б.) жана бахча өсүмдүктөрү (дарбыз, коон ж. б.) түзөт. Бул өсүмдүктөр жыш же жөөктө себилет. Ар бир А-дун өзүнө гана тиешелүү топурак иштетүү, сугаруу, жер семирткич чачуу, илдет жана отоо чөптөн коргоо системасы иштелип чыккан. Өлкөбүздүн сугат жана кайрак айдоолорунда жогоруда аталган А-дун катышуусу менен которуштуруп эгүү түзүлөт. Баалуу көп фитомассаны топуракка калтырып, жерди семиртүү менен кийинки өсүмдүктүн түшүмүн жогорулатуучу А-го беде, эспарцет сыяктуу көп жылдык чанактуу чөп өсүмдүктөрү кирет. Алынган түшүм менен көп фитомасса кошо кетип, талаада аз гана аӊыз калдыктары калып, жерди арыктатуучу А-го кант жана тоют кызылчасы, пияз, сарымсак, турп, шалгам, сабиз кирет. Калган өсүмдүктөр топурактын күрдүүлүгүнө анча таасир этпейт.