АГОНИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:46, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГОНИЯ (гр. agonia ‒ жанталашуу, күрөш) ‒ адам менен жаныбарлардын өлөр (үзүлөр) алдындагы абалы. А. ‒ клиникалык учур, эгер жардам көрүлбөсө биол. өлүм менен бүтөт. Мында дем алуу начарлайт, кыркырак пайда болуп, акыл-эстен танат, сезүү органдарынын иши төмөндөйт жүрөктүн кагышы солгундайт, өӊү кубарат, териси, эрини көгөрөт. А. бир нече секундадан 1‒2 саатка чейин созулат. А-нын алдында тамырдын кагышы бир калыпта болбой, айрым учурда кан басымы жогорулайт. Андан кийин жүрөктүн кагуу ыргагы жоголуп, кан басымы нөлгө чейин түшөт, эрксиз заарасы, заӊы чыгып кетет. Дем алуу жана кан айлануу токтоп, клиникалык өлүм башталат. А. абалынан айрым учурда, мис., кан көп жоготкондо, эстен танганда, асфиксияда өз убагында мед. жардам көрсөтүлсө, адам өмүрүн сактап калуу мүмкүн.