АВТОТЕСКӨӨР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:43, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОТЕСКӨӨР, а в т о д и с п е т ч е р (авто... жана англ. dispatcher ‒ тескөөр, жөндөгүч) ‒ тескөөрдүн (диспетчердин) ишин жарым-жартылай же толук бойдон автоматтык түрдө аткаруучу түзүлмө. А-гө башкаруучу эсептөө машинасы, оператор жана автоматташтырылган жумушчу орун, машина менен операторду байланыштыруучу байланыш каражаты, объекттердеги аткаруучу жана көзөмөлдөө органдары таандык. Ал башкарылуучу процесстин жүрүшү ж-дөгү маалыматты чогултат; эсептөө жана логикалык операцияларды жүргүзөт; өндүрүштү башкаруунун ыӊгайлуу багытын иштеп чыгат; кабыл алынган чечимдерди иш жүзүнө ашыруучу башкаруу таасирин же команда берет. Аны менен башкаруунун эки баскычы бар: т ө м ө н к ү с ү ‒ башкаруучу эсептегич машина (БЭМ) ыкчам план түзүүчү «кеӊеш берүү» режими (бирок аны тескөөр аткарат); ж о г о р к у с у ‒ тескери байланышы бар БЭМ жалаӊ гана план түзбөстөн, аны текшерүүчү автоматтык режимди иш жүзүнө ашырат. Ал суу электр станцияларында, транспортто, ыкчам байланыш учурунда, автоматташтыруунун ар кандай даражаларын камсыз кылуу менен технол. процесстерде башкарууда колдонулат.