АВТОРИТЕТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:43, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (5), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОРИТЕТ (нем. Autroritдt ‒ таасир, бийлик) ‒ айрым инсан, топ же уюм тарабынан адамдардын ишенимине жана иш-аракеттерине көрсөтүүчү таасири, б. а. башкаруу төбөлдөрүнүн бийликти ишке ашыруу формаларынын бири. А. мамилелери коомдук турмуштун эӊ эле ар түрдүү чөйрөлөрүндө: үй-бүлөдө (ата-энелер А-и), мектепте (мугалимдин А-и), ил. ишмердүүлүктө (окумуштуунун А-и), формалдашпаган топтордо (лидердин А-и), уюмдарда (жетекчинин А-и) ж. б. пайда болот. А-тин таасирдүүлүгү ‒ инсандын айланасындагылар тарабынан анын башкалардан айырмаланган жөндөмүнүн таанылышы. Андай жекече сапаттары (компотенттүүлүгү, билимдүүлүгү, ыймандуулугу, тажрыйбалуулугу), теги (дворян сословиесине, калк кастарлаган үй-бүлөгө таандыктыгы), курамы, социалдык статусу, маалыматтуулугу, байлыгы, сиӊирген эмгеги, диний мансабы, жетекчилик кызматы д. у. с. калк тарабынан кабылданышы жана баш ийүүсү ага кеӊеш берүүгө, тескөөгө, буйрук берүүгө формалдуу же формалдуу эмес укукту берет. Ошондуктан А. бийликтин формасы болуп саналат. А. мажбурлоонун тарыхый өзгөрмө формалары менен индивиддердин пикирин, сезимдерин, иш-аракеттерин белгилүү бир нормалар менен жоболорго моюн сундуруунун ортосундагы социал. байланыш менен өз ара мамиленин белгилүү бир тибин чагылдырган категория катары мүнөздөлөт. Анын үч түрү бар: 1) күч А-и (архаикалык коомдо); 2) ишеним А-и (салттуу коомдо); 3) жүйөлүү акыл-эс А-и (индустриялык коомдо). А-тин формаларынын тарамдалышы философияда дыкат изилденген. Антикалык мезгилдеги моралдык А-тин үстөмдүгү о. кылымдарда диний А. менен алмаштырылган. Гоббстон тартып Жаӊы мезгилдин философиясында диний А. четке кагылып, илимий билимдерге негизделген адеп-ахлактык А-тин мааниси баса белгилене баштаган. Англиялык жана француздук Агартуучулук доордо акыл-эстүү же жүйөлүү укукка негизделген А. тууралуу окуулар иштелип чыккан. Учурдагы саясий философияда А. каалагандай күч менен бийликтин зарыл шарты катары каралат.

М. Т. Артыкбаев. Н. К. Алиева.