АВТОМАТТЫК БАШКАРУУ ТЕОРИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:39, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОМАТТЫК БАШКАРУУ ТЕОРИЯСЫавтоматтык башкаруу системасын изилдөөчү тех. кибернетика илиминин бир бөлүмү. А. б. т-нын негиздерин илим катары англ. математик Дж. К. Максвелл (1831‒79), орус окумуштуусу И. А. Вышнеградский (1832‒95), орус математиги А. А. Ляпунов ж. б-лар түзүшкөн. Ал башкаруу системаларын куруу жоболорун жана системадагы процесстердин негизги закондорун изилдейт. Адегенде автоматтык жөндөө теориясы (АЖТ) катары өнүгүп, тех. механиканын бир бөлүгү болгон. Акыркы жылдарда биол. организмдердеги жана экон. системалардагы башкаруу проблемалары менен тех. системалардагы башкаруу процесстерин окшоштуруп түшүнүүгө мүмкүндүк болуп, анын максаттары менен ыкмалары татаалдап, АЖТ ‒ «Автоматтык башкаруу теориясы» деп аталып калды. Техникадагы А. б. т-нын негизги проблемасы ‒ автоматтык башкаруу системасын (АБС) синтездөө жана анализдөө. Айтылган проблеманы чечүү АБСтин динамикалык касиеттерин изилдөөнү талап кылат. Бул үчүн динамикалык процесс учурунда системанын абалы дифференциалдык теӊдемелер менен жазылат. АБСтин динамикалык режимин талдоо, анын ишке жөндөмдүүлүгүн (зарыл шарты ‒ анын туруктуулугу), тактыгын аныктайт. Системанын туруктуулугун изилдөө үчүн атайын критерий иштелип чыккан, параметрлерин, схемасын өзгөртүү менен анын туруктуулугуна жетишилет. Анда оптималдуу, ылайыктуу башкаруу системаларын изилдөө, түзүү маселелери өзгөчө орунду ээлейт жана эсептөө техникасын колдонбой түзүү өтө татаал иш. Ж. И. Батырканов.