АВТОМАТТАШТЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:39, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (7)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОМАТТАШТЫРУУ ‒ өндүрүштө жана маалыматтарды иштетүүдө адамдын кол жана акыл эмгегин алмаштыруу максатында түрдүү тех. түзүлмөлөрдү жана башкаруу системасын пайдалануу. А. терминин Ф. Тейлор (АКШ) киргизген (1880). Анын технологияны, өндүрүштү, маалымат процесстерин, долбоорлоо иштерин А. сыяктуу түрлөрү бар. Азыркы эсептөө техникасынын түрүн, түзүлмөсүн жасоодо түрдүү А. системалары колдонулат. Эсептөө техникасынан тышкары, А. системаларынын тех. базасы аркыл бергичтерден (датчик), өлчөөчү прибордон, аткаруучу жана өзгөртүүчү түзүлмөдөн турат жана аларда робот-тех., телекоммуникациялык түзүлмөлөрдө кеӊири колдонулат. Микроэлектрониканын, эсептөөчү техниканын жана анын программалык камсыздоо тармактарынын өсүшү менен материалдык өндүрүштүн коммуникациялык чөйрөсүн, адамзаттын интеллектуалдык иш тармагын А-га шарт түзүлдү. Адамдын физиол. мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен космосто, ядролук технологияда, согуш ишинде ж. б-дагы технол. процесстер жана жумуштар автоматташтырылган. А. ‒ эмгек өндүрүмдүүлүгүн көтөрүүнүн, чыгарылган товардын сапатын жакшыртуунун, анын өз наркын төмөндөтүүнүн негизи.

Ж. И. Батырканов.