АВТОМАТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:39, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОМА́ТИКА (гр. automatos ‒ өзү аракеттенүүчү) ‒ түздөн-түз адам аракети катышпай иштей турган технол. процесстерди башкаруучу системалардын теориясын жана түзүү принциптерин камтыган илим менен техниканын тармагы. Автоматтык ишке кирүүчү түзүлмөлөрдүн негиздери 18-к-да эле белгилүү болгон. Буу казанында суунун белгилүү деӊгээлин кармоо үчүн И. И. Ползуновдун (1765) жана буу машинасынын октолгоочунун айлануу жыштыгын турукташтыруу үчүн Дж. Уаттын (1784) жөндөгүчтөрүнүн (регуляторлорунун) баяндамалары сакталып калган. Алгачкы теор. натыйжалар 19-к-да пайда болгон. Дж. К. Максвеллдин (1868) жана И. А. Вышнеградскийдин (1872) эмгектери автоматташтырылган жөндөө теориясынын негизин түптөгөн, алардын базасында А. илим катары ургаалдуу өнүккөн. Техниканын өзүнчө тармагы катары А. дүйнөлүк энергетиктердин 2-конференциясында (1930, Берлин) кабыл алынган. Пайдаланылуучу энергиянын түрүнө карата электр, гидро-, пневмо-А. түзүлүштөрү бар. Өндүрүштө электр А-сы, шахта өндүрүшүндө пневмо-А. колдонулат. А-нын өсүшү теор. механикага, электр тизмегинин жана системасынын теориясына негизделип, буу казанынын басымын, буу машинасынын бишкегинин (поршенинин) жүрүшүн жөндөөгө, станок-автоматтардын, АТСтин, релелик сактоо түзүлүшүнүн ишин башкарууга байланышкан маселени чечет. Ушуга ылайык А-нын тех. каражаттары иштелип чыккан (к. Автоматташтыруунун техникалык каражаттары). А. бири биринен алыс турган объектилерди бир системага бириктирет. Мында автоматтык башкаруучу түзүлүштөр телемеханиканын каражаттары менен байланыштырылат. Байланыш каражаттары, башкаруучу түзүлүштөр жана башкарылуучу объектилер телеавтоматика системасын түзөт.