АВТАРКИЯ
Jump to navigation
Jump to search
АВТАРКИ́Я (грек autarkeia ‒ өзүнө жетиштүүлүк, өзүн камсыздандыруу, өзүн-өзү каржылоочулук) ‒ мамлекеттердин чарбалык обочолонуу саясаты; өзүн-өзү камсыздандыруу экономикасын түзүү. Кубаттуу өлкөлөр көп учурда обочолонгон «чарбалык мейкиндик» түзүү деген шылтоо менен башка өлкөлөргө үстөмдүк кылуу максатында А-ны пайдаланышат. А. фашизмдин расмий докторинасы болгон.