АВСТРИЯ ИМПЕРИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:36, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (6), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (7), А. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='А. и.'>анын ичинде</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВСТРИЯ ИМПЕРИЯСЫ ‒ 1806‒67-ж. Габсбургдар династиясына караган аймактарда өкүм сүргөн мамлекет. «Ыйык Рим империясы» кыйраган соӊ (1806), анын императору Франц II өзүн Австриянын императору Франц I деп жарыялоо менен Австриялык үйгө жана Габсбургдарга таандык жерлерди ‒ Богемия, Венгрия, Хорватия, Трансильвания, Галиция жана Түн. Италиянын көп бөлүгүн башкарып калган. анын ичинде 19-к-дын башынан Франция менен согуштарга, 1815-ж. Ыйык Союзду түзүүгө катышат. Франц I мураскери Фердинанд I башкарган мезгилинде көп улуттуу империянын курамындагы элдердин улуттук аӊ-сезиминин өсүшү жана өз алдынчалык үчүн күрөшү башталат. 1848-ж. өлкөдөгү оор экон. кризис элдик толкундоолордун жүрүшүндө канцлер Меттерних отставкага кетүүгө мажбур болот. Император өлкөдө цензураны жоюуга жана жаӊы конституцияны кабыл алууга убада берген. Бирок, апрелде жарыяланган конституция оппозициянын лидерлерин канааттандырган эмес. Натыйжада Австрияда рев-я башталган (к. Австриядагы революция). Император Инсбургга качып кетип, тактыдан баш тарткан. Анын ордуна 18 жаштагы жээни Франц Иосиф такка отурган. Рев-янын жүрүшүндө империянын курамында жашаган венгрлер, чехтер, словактар, румындар, италиялыктар өз алдынчалык үчүн күрөш башташкан. Бирок оппозициянын катарындагы пикир келишпестиктерди пайдалануу менен император Франц Иосиф жана канцлер Шварценберг кырдаалды көзөмөлгө алууга жетишип, Прагадагы жана Венадагы элдик кыймылдар армиянын жардамы менен басылган. 1866-ж. Италия жана Пруссия менен болгон согуштардагы жеӊилүүдөн кийин Австрия менен Венгриянын ортосунда кол коюлган макулдашуу б-ча 1867-ж. анын ичинде дуалисттик Австрия-Венгрия империясы болуп кайра түзүлгөн.