АВСТРИЯ-ВЕНГРИЯ
АВСТРИЯ-ВЕНГРИЯ, А в с т р и я-В е н г р и я м о н а р х и я с ы (1867‒1918) ‒ Австрия менен Венгриянын бийлөөчүлөрүнүн ортосундагы макулдашуунун (8-февраль 1867-ж.) негизинде түзүлгөн дуалисттик монархия. Венгриянын веналык абсолютизмге каршылыгынын күчөшү жана Австриянын 1859‒66-ж. Италия, Франция жана Пруссия менен болгон согуштарда жеӊилүүсү башында император Франц Иосиф турган Габсбургдар династиясын түзүүгө түрткү болгон. Макулдашуу б-ча Габсбургдар монархиясы ‒ Австрия империясы же Цислейтания (Австрия, Чехия, Моравия, Силезия, Истрия, Далмация, Буковина, Крайна, Галиция) жана Венгр Королдугу же Транслейтания (Венгрия, Словакия, Хорватия, Трансильвания ж. б. жерлер кирген) болуп экиге бөлүнүп, алар А.-В-нын суверендүү бөлүктөрү деп таанылган, бирок австриялык император (Венгрия үчүн ал король болгон) тарабынан башкарылган жана ар бир мамлекет өз алдынча парламентке (Австрияда ‒ рейхсрат, Венгрияда сейм), башкаруу аппаратына ээ болгон. Тышкы иштер, аскер жана деӊиз, финансы министрликтери А.-В. империясы үчүн жалпы болуп түзүлгөн. Мамл. түзүлүштү тереӊ реформалоонун натыйжасында, А.-В. империясы аянты жана калкы б-ча Европадагы эӊ ири (Россиядан кийинки), көп улуттуу державага айланган. Австриянын жана Венгриянын башкаруучу төбөлдөрү Австрияда ‒ австрия-немецтик, Венгрияда мадьярлардын башка улуттардын үстүнөн үстөмдүгүн сактап турууга аракеттенген. А.-В-нын курамына кирген башка улуттардын кызыкчылыгына каршы турган империянын улуттук саясаты анын курамындагы элдердин улуттук-боштондук күрөшүнүн жогорулашынын жана 1-дүйнөлүк согуштун келип чыгуусунун негизги себептерине айланган. 1918-ж. 28-июлда А.-В. Сербияга, 6-августта ‒ Россияга согуш жарыялоо менен Германиянын союздашы катары 1-дүйнөлүк согушка кирген. Өлкөдөгү оор саясий-экон. кризистер жана 1918-ж. А.-В-нын согушта жеӊилүүсү империянын кыйроосуна алып келген. Анын аймагында Австрия, Венгрия, Чехословакия мамлекеттери түзүлгөн, жеринин айрым бөлүктөрү Югославиянын, Румыниянын, Польшанын курамына кирген.