АВСТРАЛОИД РАСАСЫ
Jump to navigation
Jump to search
АВСТРАЛОИД РАСАСЫ ‒ веддо-австралиялык расанын курамындагы кичи раса. А. р-на негизинен австралиялык аборигендер (түпкүлүктүү) кирет, о. эле Түш. жана Түн.- Чыгыш Азия, Батыш Океаниянын айрым аймактарындагы элдерде кездешет. Алар өӊү каратору, көзү кара, чачы тармал келип, африкалык негрлерден жазы мурундуулугу, калыӊ эриндүүлүгү, узун жаактуу, орто бойлуулугу жана денесинин түктүүлүгү менен айырмаланат.