АВОКАДО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:34, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВОКАДО (Persea Americana) – өсүмдүктөрдүн лаврлар тукумундагы дайыма жашыл мөмө дарак. Бийикт. 25 ''мге жетет. Жалбырагы ири, калың. Гүлү майда, саргыч-жашыл, шыпыргы топ гүлгө чогулган. Мөмөсү бир уруктуу данекче, салм. 100дөн 1000 гга чейин, формасы көбүнчө алмурут сымал, жашыл, күрөң же сыя көк, сулпу майлуу (5тен 25-30% май болот) жана данеги чоң. Мөмөсү жаңы кезинде жана консерваланган түрүндө пайдалыналт. Сулпунан салат жасалат, азык майы алынат, анын калориялуулугу каймак майдан кем эмес. Анын мөмөсүндө углеводдун аз болушу жана жогорку калорялуулугу кант диабетинде айрыкча баалуу болуп эсептелет. Бул өсүмдүктүн жапайы түрү белгисиз. Айдалма А-нун мекени Борб. Америка, андан Түш.-Чыгыш Азияга жана Африкага тараган. Тропик жана субтропик өлкөлөрдө ( Мексика, Бразилия, Индонези ж. б.) өстүрүлүп, негизги азык продуктусу болуп эсептелет. КМШ өлкөлөрүндө Кавказдын Кара дениз жээктеринде өстүрүлөт. (Сүрөтү бар,БРЭ, 1-том, 87 бет)